Жалал-Абадда мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди. 2-март, 2024

Бүгүн, 2-мартта Жалал-Абад шаарында мамлекеттик туунун кабыл алынганынын 32 жылдыгына жана Ак калпак күнүнө байланыштуу жөө жүрүш өттү.

Мэриядан кабарлашкандай, Аюб-Тоо тоосундагы флагштокто жаңы тууну салтанаттуу көтөрүү аземи болду. Иш-чара алкагында 500дөй адам шаардан флагштокко чейин жөө жүрүш жасашты.

Ага президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрү, шаар тургундары, окуу жайлардын студенттери катышты.

Ак калпак күнү Кыргызстанда 2011-жылдан баштап бейрасмий белгилене баштаган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп бекитилген.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийин - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен бекитилген. Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына былтыр 22-декабрда кол койду. 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алган.

Коомчулукта желекти өзгөртүү маселеси кызуу талкууланып, бир катар адамдар парламентти жана президентти демилгеден баш тартууга үндөп чыгышкан. (КЕ/ТВ)

Дагы караңыз

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайтТалаштуу имараттын тургундарына ипотекага салынган үйлөрдөн берилери айтылдыБийликти колдоп жүргөн жаран алдамчылыкка шек саналып кармалдыУКМК кумар оюндары мыйзамсыз өткөрүлгөн мекемелер аныкталганын билдирди