Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

УКМК кумар оюндары мыйзамсыз өткөрүлгөн мекемелер аныкталганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт. 2-март, 2024
УКМК тараткан сүрөт. 2-март, 2024

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош шаарында тиешелүү лицензиясы жок кумар оюндарын мыйзамсыз жүргүзгөн мекемелер аныкталганын билдирди.

Маалыматка караганда, ал жерде “Русский лото” оюндары уюштурулуп келген. Мындай жайлар Ош шаарынын бильярд клубунун ичинде жана базардын аймагында болгон. Кумар оюндарын уюштуруучулары А.у.А. жана У.K.A. кармалып, аталган жайлар мөөр басылып жабылган.

Атайын кызмат ыкчам иликтөө иштери ИИМ менен биргеликте жүргүзүлгөнүн кабарлады.

Казино ишмердигине 2012-жылы 1-январда салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп жатат.

Алардын бири "Гранд казино" президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун жакындарына таандык экенин журналисттер иликтеп чыгышкан. Мындан сырткары "Казино Кристал" ишканасына лицензия берилгени сентябрда маалым болгон.

Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG