Москвада, Санкт-Петербургда, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларында бүгүн 1-мартта оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйды эскерүү акцияларында кеминде 30 адам кармалды.
Москвада, Avtozak телеграм-каналынын маалыматына караганда, кеминде төрт адам кармалды.
"Люблино" метро станциясында, "ОВД-Инфо" билдиргендей, "Парнас" партиясынын башчысынын мурдагы орун басары Михаил Шнейдер кармалды. Полиция ал издөөдө жүргөн бир кишиге окшош болгону үчүн кармалганын айтканын укук коргоочулар кабарлашты. Өткөн аптада Шнейдер Москвада Навальныйды жана тогуз жыл мурда киши колдуу болгон дагы бир оппозиционер саясатчы Борис Немцовду эскерүү иш-чарасын уюштурууну көздөгөн, бирок жергиликтүү бийлик уруксат бербей койгон.
Москвада «Яблоко» партиясынын жергиликтүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Андрей Моревди жана анын кесиптеши Александр Ефимовду кармап кетип, кийин кайра кое беришкени маалымдалды.
Дагы бир кишини полиция Борисовское көрүстөнүнүн жанынан кармап кетти. Ал «Навальныйды ким өлтүрдү?» деп кыйкырганы айтылды.
Новосибирск шаарында "Сибирьмедиа" жана "Коалиция Новосибирск 2020" телеграм-каналдары маалымдагандай, Навальныйды эскерип гүл коюп жаткан 18 киши, анын арасында шаардык кеңештин депутаты Антон Картавин кармалды.
Екатеринбургда, "Вечерние ведомости" басылмасынын башкы редактору Владислав Постниковдун жазганына караганда, күч кызматкерлери кеминде он кишини гүл коюп жаткан жеринен кармап кетишти.
Санкт-Петербургда полиция Навальныйды эскерип, гүл койгону барган кызды кармап, паспортун тартып алып, полиция бөлүмүнө алып кетишкени маалым болду.
16-17-февраль күндөрү Навальный каза болгону жарыяланганда Орусиянын 36 шаарында эскерүү акцияларында 400дөн ашуун адам, эң көбү Санкт-Петербург шаарында кармалып, кое берилген. (RK)
Дагы караңыз
Газа: 100дөн ашуун кишинин каны төгүлгөн калаба Орусияда прокуратура журналистти "фейк" маалымат үчүн сегиз жылга соттоону өтүндү "Кышы-жайы дебей Ысык-Көлгө түшөлү"Москвада миңдеген киши Навальныйды акыркы сапарга узатты