Москвада миңдеген киши Навальныйды акыркы сапарга узатты
БУУ Газадагы соңку трагедиялуу окуяны кылдат иликтөөгө чакырды. 29-февралда Газа шаарында гуманитардык жардам алууга келген 100дөн ашуун адам набыт болуп, ондогон киши жараат алды. Москвада миңдеген киши оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатты. Бишкек мэриясы 60тан ашык үй-бүлөнү "мыйзамсыз жашап жатат" деген жүйө менен жаңы салынган имараттан чыгара баштады. Көп кабаттуу имаратта жарык жана суу өчүрүлдү. Экс-бажычы Райымбек Матараимов менен мамилеси бар делген депутат Шайлообек Атазов “өлкөдөн шашылыш чыгып кетти" деген кабарды төгүндөдү. Ал Түркияда дарыланып жүргөнүн, жакында Кыргызстанга кайтып келээрин билдирди.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 19, 2024
Грузия: Полиция оппозициянын тарапкерлерин күч менен таркатты
-
Ноябрь 19, 2024
Бучадагы кыргындын үрөй учурган чындыгы
-
Ноябрь 18, 2024
Казакстанда өрттөн, истен жети баланын өмүрү кыйылды
-
Ноябрь 18, 2024
Ат-Башыдагы козголоң: “Качкан элди артынан кууп кырган”
-
Ноябрь 15, 2024
Жергиликтүү шайлоо: Талапкер суракта, бийликтин жообу