Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:10

Орусияда прокуратура журналистти "фейк" маалымат үчүн сегиз жылга соттоону өтүндү


Орусияда прокуратура RusNews каналынын журналисти Роман Ивановду "фейк" маалымат үчүн сегиз жылга эркинен ажыратууну өтүнгөнүн бүгүн 1-мартта «Медиазона» басылмасы билдирди. Соттук отурум Подмосковьедеги Королев сотунда өттү.

Журналистке каршы кылмыш ишинин козголушуна анын социалдык түйүндөрдөгү Украинанын Буча шаарындагы жай тургундардын кыргыны, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Украинадагы гуманитардык кырдаал тууралуу баяндамасы жана Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун ракета жетишсиздиги тууралуу посттору негиз болгон.

Иванов коюлган айыптарды четке кагууда.

"Мен журналистмин, менин милдетим – окурмандарга маалымат берүү. Адам өзүнүн айланасындагы болуп жаткан окуялар, кабыл алынып жаткан чечимдер тууралуу билиши керек", – деди сотто Иванов.

2023-жылдын февраль айында Барнаулда сот RusNews журналисти Мария Пономаренкону алты жылга абакка кескен. Ал Орусиянын армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан деп айыпталган.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Өзү муну “атайын аскердик операция” деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG