Иранда бүгүн 1-мартта Эксперттер кеңешине жана Межлиске (бир палаталуу парламент) шайлоо башталды. «Фарда» радиосу кабарлагандай, коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгы шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болорун көрсөтүүдө, добуш берүүнү «жасалма» деп эсептеген күчтөр бул өнөктүктү бойкоттоого чакырып жатышат.
Бул шайлоо 2022-жылы жапырт нааразылык акциялары, камоолор жана өлүм жазасына тартылган окуялардан берки алгачкы саясий өнөктүк болууда.
Сурамжылоого катышкан ирандыктардын көбү, «Фарда» радиосу билдиргендей, бул шайлоону «пайдасыз» деп атап, бийликти колдогон күчтөрдүн биригүүсүнө шарт түзүлүп жатканын белгилешти.
Көрүнүктүү ишмерлер, анын арасында Нобел Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, абакта отурган Наргиз Мохаммади, ички иштер министринин мурдагы орун басары Мостафа Тайзаде шайлоонун жыйынтыгы алдын ала чечилгенин, добуш берүүдөн майнап чыкпай турганын, жетекчилик өлкөдөгү кризиске көңүлкош мамиле жасап жатканын белгилешти.
Коомдук пикирди изилдөө багытында иштеген, өкмөт менен кызматташкан ISPA агенттиги 28-февралда сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялаган. Анда респонденттердин 38,5% гана шайлоого барарын билдиргени, катышуу көрсөткүчү 41% болот деп болжолдонуп жатканы айтылган.
Шайлоого катышпоого үндөгөн жарандардын айрымдарын кармап кетип жатышканы да кабарланган.
2022-жылдын 13-сентябрында Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.
Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам дарга асылган.
АКШ жана ири эл аралык укук коргоо уюмдары Иранды адамдар өлүм жазасына эң көп тартылган Кытайдан кийинки эле өлкө катары айыптап келишет.
«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)
Дагы караңыз
Бишкекте жарандарды букмекердик оюнга тартууга шектелип эки чет өлкөлүк кармалдыБУУнун башкы катчысы Газадагы соңку чабуул боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды Навальныйдын зыйнаты өтө турган жерге темир тосмолор коюлуп, полиция топтоло баштадыЯрмыш Навальный менен коштошуу үчүн жай издештирип жатышканын айтты