Google корпорациясынын делегациясы 1-мартта Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолукту. Жолугушууда билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлор жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.
"Тараптар Google программаларын Кыргызстандагы мектептерде билим берүү системасына киргизүү боюнча пилоттук долбоор тууралуу макулдашууга жетишти. Аталган долбоор жалпы билим берүү процессин санариптештирүү жана мугалимдер менен окуучулар үчүн заманбап, инновациялык окуу чөйрөсүн түзүүгө жасалган алгачкы кадам болот", - деп жазылган өкмөттүн сайтындагы маалыматта.
Долбоор мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин тыгыз иштешин камсыздайт, ошондой эле долбоордо Google Classroom камтыган Google Workspace for Education сыяктуу куралдар колдонулат. Бул курал мугалимдерге эле жардамчы эмес, жалпы мектеп системасына пайдалуу болору жана ал жакынкы келечекте ишке кирери кабарланды.
Google компаниясынын делегациясы Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлиги үчүн семинар да өткөрдү. Анда аймактардан келген 40тан ашуун мугалим Google компаниясынын билим берүүгө арналган программалары менен таанышты. (ZKo)
Дагы караңыз
БУУнун башкы катчысы Газадагы соңку чабуул боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды Навальныйдын зыйнаты өтө турган жерге темир тосмолор коюлуп, полиция топтоло баштадыЯрмыш Навальный менен коштошуу үчүн жай издештирип жатышканын айтты "Үйүнөн айрылгандар көп". Ломбард ишин чектеген жаңы мыйзамУкраина фронтто 83 жерде кагылышуу болгонун билдирди