Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:47

Украина фронтто 83 жерде кагылышуу болгонун билдирди


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Соңку бир суткада фронтто 83 жерде кагылышуу болгонун, Орусия үч ракеталык, 91 авиациялык, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 142 сокку урганын бүгүн 1-мартта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жай тургундар арасында каза болгондор жана жараат алгандар бар. Үйлөр, жарандык инфраструктура объектилери жана бир чиркөө талкаланганы маалымдалды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Авдеевка жана Курахов багыттарында “ээлеп турган позицияларды кармап калуу жана чегинген тилкелердеги турумду калыбына келтирүү” аракети көрүлүп жатканын 29-февралда билдирген.

Ушул эле күнү Улуу Британиянын чалгын мекемеси Авдеевканын батышындагы аймак Орусия аскерлеринин чабуулдарынын борборунда экенин маалымдады.

Орусия Херсон багытында да активдешкенин бүгүн 1-мартта Украинанын «Түштүк» ыкчам башкаруу борборунун жетекчиси Наталья Гуменюк билдирди.

1-мартка караган түнү Харьков облусунун айрым райондору артиллериядан жана минометтон аткыланганын аймактын жетекчиси Олег Синегубов маалымдады.

29-февралда Украин президенти Владимир Зеленский Албаниянын борбору Тирана шаарында өткөн «Украина — Түштүк-Чыгыш Европа» саммитинин жыйынтыгында бул аймактагы өлкөлөр курал-жарактан жардам берүүнү убада кылышканын айтты.

Ал эми Орусия Украина менен чектеш аймактагы Курск облусунда украин аскерлеринин дрон чабуулунан төрт айыл электр жарыгысыз калганын кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG