Тажикстанда иске ууланып ата-эне жана төрт баласы каза болду

Каза болгон үй-бүлөнүн тажиясы.

Тажикстанда иске ууланып каза болгон үй-бүлө жерге берилгенин бүгүн 29-февралда «Азаттык» радиосунун тажик кызматы билдирди. Окуя борбор калаа Душанбенин Фирдавси районунда 27-февралга караган түтү болгонун, көз жумгандар ата-эне жана алардын төрт баласы экенин Өзгөчө кырдаалдар комитети тастыктады.

Кырсык тууралуу кошуналары эртеси күндүз гана билип, доктур чакыртышкан, бирок кеч болуп калганы аныкталган.

Тажикстанда азыр аба ырайы суук экени, көпчүлүк эл үйүн электр жабдыктары менен жылытары, бирок соңку күндөрү электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүк болуп жатканы кабарланды.

Дагы караңыз

Пакистанда жыйынтыгы талаш жараткан шайлоонун жеңүүчүлөрү ишке кириштиСот Талас округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгардыСуучул Петрашов Азия чемпионатында дагы бир алтын медал алды Kaktus.media "Вечерний Бишкек" басылмасынын доосун төлөө үчүн элден акча чогулта баштады