Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:05

Суучул Петрашов Азия чемпионатында дагы бир алтын медал алды


Денис Петрашов.
Денис Петрашов.

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Филиппиндин Нью-Кларк-Сити шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында экинчи алтын медалын утту.

29-февралда спортчу брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүүдө финалда 2 мүнөт 12,89 секундада келип, алтын медалга ээ болду. Бул аралыктагы мелдешке сегиз суучул катышты. Экинчи орунду вьетнамдык Бао Пхам (2 мүнөт 13,86 секунда), үчүнчү орунду малайзиялык Пиёнг Велл Хи (2 мүнөт 20,68 секунда) ээледи.

Петрашов 27-февралда брасс ыкмасы менен 50 метрге сүзүүдө алтын медал утуп, чемпион болгон. Муну менен ал Азиянын төрт жолку чемпиону болду.

Буга чейин 2017-жылы брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүүдө, 2019-жылы ушул эле ыкма менен 200 метрге сүзүүдө Азия чемпиону болгон.

Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейродо жана 2021-жылы Токиодо өткөн Олимп оюндарынын катышуучусу. 2022-жылы Түркияда өткөн V Ислам шериктештиги оюндарындагы алтын байгенин ээси.

Ал быйыл Парижде өтчү жайкы Олимпиада оюндарына катышат. Лицензия спортчуга Жапонияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында берилген.

Ушу тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Денис Петрашовдон сырткары былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. (GT)

XS
SM
MD
LG