Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:26

Пакистанда жыйынтыгы талаш жараткан шайлоонун жеңүүчүлөрү ишке киришти


Пакистан. 2024-жылдын 28-февралы.
Пакистан. 2024-жылдын 28-февралы.

Пакистандын парламентинин төмөнкү палатасынын жаңы шайланган курамы бүгүн 29-февралда ант берип, ишине киришти. Оппозиция бир топ мыйзам бузуу менен коштолгонун айткан шайлоо 8-февралда өткөн. Бул өнөктүктүн жыйынтыгына каршы бир катар нааразылык акциялары уюштурулган.

Бул өлкөнүн парламенти эки палатадан турат – Сенат жана Улуттук ассамблея. Бул жолку парламенттик шайлоо саясий чыңалуу жана зомбулук күчөгөн шартта өткөн. Анын алдында бир нече аймакта жарылуу болуп, ондогон адамдын өмүрү кыйылган.

Палатанын жаңы төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо 1-мартта өтөт. Ал эми премьер-министрди шайлоо 4-мартка белгиленди.

44 партия катышкан шайлоодо көпчүлүктүн добушун ала албай калган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясы киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто-Зардари жетектеген “Пакистан элдик партиясы» жана башка бир нече майда партия менен биригип, өлкөнү башкара турган коалиция түзүп жатканын 14-февралда жарыялашкан.

Аталган эки партия тең 2022-жылы ошол кездеги премьер-министр Имран Ханды кызматтан кетирүүгө биргелешип катышкан.

Азыр абакта отурган мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын “Адилеттик үчүн кыймыл” партиясынын колдоосуна таянган өз алдынча аттанган талапкерлер бул шайлоодо добуштардын көбүнө ээ болушту, бирок азыраак добуш алган башка партиялар биригип, коалиция түзүп, өкмөттү куроо жана башкаруу укугуна ээ болушту.

Коррупциядан тартып, мыйзамсыз үйлөнгөн деген бир нече айып тагылып, 31 жылга түрмөгө кесилген Хандын партиясы шайлоо бюллетендеринен чийилип салынган.

28-февралда аталган партия Эл аралык валюта фондуна кайрылып, Пакистанга мындан аркы каржылык колдоо көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алар алдында 8-февралда өткөн шайлоо боюнча аудит жүргүзүүгө чакырды. (RK)

XS
SM
MD
LG