Украина 73-деңиз борборунун жоокерлери курман болгонун ырастады

73-деңиз борборунун жоокерлери 2022-жылы 7-июлда Змеиный аралын орус аскерлеринен бошотууга катышкан.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Атайын операция күчтөрү 29-февралга караган түнү 73-деңиз борборунун жоокерлери курман болгонун тастыктады. Маалыматта айтылгандай, алар «атайын тапшырманы аткаргандан кийин топтун негизги күчтөрүнүн чыгып кетишин камсыз кылып жаткан учурда» курман болушту.

Орусиялык кабарчылардын айтымында, кармаш украин аскерлери Херсон облусунун оккупациядагы бөлүгүндөгү Тендров саяңынын жээгине беш кайык менен барып түшүүгө аракет кылган учурда болгон. Орус аскерлери төрт кайыкты бутага алышкан, бешинчиси сүзүп кетүүгө үлгүргөн.

Mash басылмасынын маалыматына караганда, кеминде 20 украиналык жоокер набыт кетти.

Тендров саяңы — Кара деңиздеги, Херсон облусунун жээгине жакын жайгашкан узун кууш аралча. Эгер аны Украина өз карамагына алса, облустун Орусия оккупациялап алган бөлүгүнө чабуул коюуга мүмкүнчүлүк ачылмак. (RK)

Дагы караңыз

Караколдо окуучуну машинеге күчтөп салууга шек саналгандар аныкталдыСот Талас округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгардыТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд метр кубдан төмөндөдүӨкмөт каада-салтты тескеп, келиндерди тарбиялайбы?