Караколдо 27-февралда окуучуну автоунаага күчтөп салууга шек саналгандар аныкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-февралда социалдык түйүндөрдө жолдо ойноп жаткан окуучуну белгисиз адамдар күч менен автоунаага салууга аракет кылган видео тараган.
Милицияга арыз менен эч ким кайрылган эмес. Бирок факты Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
"Автоунаада ошол күнү Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын 10-классынын 4 окуучусу болгон. "Мерседес-Бенц" унаасы алардын биринин атасына таандык болгон, алар машине менен шаарды айланып жүрүшкөн. Машинедеги өспүрүмдөр балдарга жол жээгинде ойноого болбосун эскертүү максатында эле тамашалап, унаага салымыш болгонун билдиришкен", - деп жазылган маалыматта.
Балдардын бирин автоунаага күчтөп салууга аракет кылган бала Каракол шаарындагы №2 орто мектептин 3-классынын окуучусу экени аныкталган.
Факты боюнча бардык жагдайларды толук аныктоо үчүн териштирүү уланып жатканы айтылды. (ZKo/AsK)
Дагы караңыз
Аба ырайы: Ош, Баткен облустарында жаан, кар жаайтТоктогул ГЭСинин дагы бир агрегаты оңдоого берилетБишкек мэри “шаардык кеңеш жаңы курамда иштеши керектигин” айтып, сессиядан чыгып кеттиБылтыр Кыргызстанда 12,5 миңден ашуун ажырашуу катталганҮй-бүлө кодексинин жаңы редакциясы талкууга коюлду