Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Аба ырайы: Ош, Баткен облустарында жаан, кар жаайт


Кыштут айлыы. Баткен.
Кыштут айлыы. Баткен.

1-мартта Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Тоолорго кар түшөт. Айрым жерлерди туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8,күндүз 0…5, айрым жерлерде -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6° суук, күндүз 2…4° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG