Украинанын бир нече облусунда Орусиянын чабуулдарынан кеминде беш киши каза болгонун, он чакты киши жараат алганын бүгүн 28-февралда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Харьков облусундагы Купянск шаарына башкарылуучу авиабомба түшүп, 59 жана 39 жаштагы эки кишинин өмүрү кыйылганын, үйлөр жана жарандык инфраструктура талкаланганын облустун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов кабарлады.
Запорожье облусунда 76 жаштагы аял каза болгонун, соңку бир суткада 11 калктуу пунктка жалпысынан 234 жолу сокку урулганын, үйлөр жана социалдык инфраструктура талкаланганын облус башчысы Иван Федоров билдирди.
Херсон облусунун башчысы Александр Прокудин 20дан ашуун айылда үйлөр, автомашиналар, бир ферма талкаланганын, бир жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылганын айтты.
Бир адам каза болгонун Донецк облусунун башчысы Вадим Филашкин да маалымдады.
Чабуулдар Днепропетровск, Николаев облустарынын аймагына да жасалды.
28-февралда эртең менен Украинанын түштүк аймагына учурулган 10 учкучсуз учактын баарын атып түшүрүүгө үлгүрүштү.
27-февралда украин аскерлери өлкөнүн чыгышындагы Орусия ушул айдын башында ээлеп алган Авдеевка шаарынын жанындагы дагы эки айылдан чыгып кетүүгө мажбур болушканы кабарланды. Украин армиясынын өкүлү Дмитрий Лиховой "Биздин аскерлер Северное жана Степовое чакан кыштактарынан чыгып кетишти.... Северное үчүн оор кармаш жүрдү", - деп, Орусия оор жоготууларга дуушар болгонун кошумчалады.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салып, аны «атайын аскердик операция» деп атаган. (RK)
Дагы караңыз
Матраимов иши: Кезек Жээнбеков менен Илмияновго жеттиби?Садыр Жапаров Чүйдө автоунаа чыгаруучу ишкананын курулушуна старт бердиКечки Азаттык (2-чыгарылыш)