Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:11

Садыр Жапаров Чүйдө автоунаа чыгаруучу ишкананын курулушуна старт берди


Садыр Жапаров заводдун ачылышында кытай ишкери жана кытай элчиси менен учурашууда. 28-февраль, 2024-жыл.
Садыр Жапаров заводдун ачылышында кытай ишкери жана кытай элчиси менен учурашууда. 28-февраль, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-февралда Чүй облусунун Сокулук районунда автоунаа чыгаруу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкананын курулушуна “мезгил кутусун” салды. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына чыкты.

Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, коммерциялык, жеңил автоунааларды, атайын техниканы чогултууга, транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка алып чыгууга багытталган.

Ишкананы курууну Министрлер кабинети жана жергиликтүү ишканалар кытайлык “China Hubei Zhuoyue Group” компаниясы менен биргеликте ишке ашырат. Биринчи этаптагы инвестициянын көлөмү 115 миллион АКШ долларын түзөт. Завод жылына 80 миңден ашуун автоунаа чыгарууга жөндөмдүү болот. Ишкана алгачкы продукцияларын быйыл августта чыгара баштайт.

Мамлекет башчы өз сөзүндө "өлкөдө жүргүзүлүп жаткан инвестициялык саясат, анын ичинде салык жеңилдиктерин берүү, инвесторлор үчүн жагымдуу жагдайларды жаратып жатканын" айтты. Президент "тышкы инвестицияларды тартпастан тез экономикалык өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эместигин" белгилеп, "бул инвестициялык долбоор республиканын автоунаа өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө берет" деди.

Заводдун ачылышына Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да катышты. Ал долбоорду ишке ашыруунун башталышы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн натыйжасы экенин кеп кылды.

2021-жылы Ош шаарындагы "Кыргыз унаа курулуш" заводу кытайлык Dongfeng компаниясы менен келишим түзүп, жүк ташуучу унааларды кураштыра баштаган. Кийин анда өндүрүш токтоп калганы кабарланган.

2022-жылы Чүй облусунда жергиликтүү “Белес.kg” деп аталган компания автобус кураштыруучу завод ачкан. Компаниянын иши менен таанышканы барганда президент Садыр Жапаров мамлекет сыноо иретинде андан 10 автобус сатып аларын билдирген. Бишкек шаардык мэриясы кийин атамекендик компания чыгарган транспорттордун баасы жана башка шарттары туура келбей жатканын билдирип, андан автобус сатып алуудан баш тарткан.

2023-жылы январда Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз жергесинде биргелешип автомобиль чыгарган заводду куруу тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз-өзбек биргелешкен автоунаа чыгаруучу завод Сокулук районунда куруларын айткан эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG