Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүласал Садырбаева дүйнөдөн кайтты

Гүласал Садырбаева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүласал Садырбаева 28-февралда 72 жаш курагында инсультка чалдыгып, каза тапты. Маалыматты маркумдун жакындары ырасташты. Алардын сөзүнө караганда Гүласал Садырбаева менен коштошуу зыйнаты 1-мартта, туулуп-өскөн жери Ноокен районунда болот.

Гүласал Садырбаева 1952-жылы туулган. 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (азыркы ОшМУ) аяктаган. Өмүр бою мугалимдик кесипти аркалаган.

2010-жылы "Ата-Мекен" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.

Гүласал Садырбаева белгилүү кинорежиссёр, акын жана прозачы, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин бир тууган карындашы.

Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл артисти жогорку наамдарынын ээси Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда дүйнөдөн кайткан.(ZKo)

Дагы караңыз

Матраимов иши: Кезек Жээнбеков менен Илмияновго жеттиби?Приднестровьеде Орусияга кошулуу демилгеси расмий айтылары кабарландыКазакстан: 3 миңдей айылдын аты өзгөрөт Түркстан автономиясы - беш мамлекеттин башаты Кыргызстандын аймактарындагы жылуулук ишканаларында 30 отказан жаңыланат