Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Приднестровьеде Орусияга кошулуу демилгеси расмий айтылары кабарланды


Вадим Красносельский.
Вадим Красносельский.

Молдовадагы өзүн Приднестровье жумурияты деп атаган орусиячыл жикчил аймактын жетекчилиги бүгүн 28-февралда депутаттардын съездин өткөрөрүн билдирди. Анда Молдованын батышчыл өкмөтү бул жикчил регионго «кысым көрсөтүп жатканы» тууралуу сөздөр айтылары, аталган аймакты Орусиянын курамына кабыл алуу өтүнүчү расмий түрдө келтирилери айтылууда.

Бардык деңгээлдеги жергиликтүү депутаттардын конгресси деп аталган жыйынды аймактын башчысы Вадим Красносельский уюштурууда.

Жыйындын күн тартиби жарыяланган жок, бирок жергиликтүү оппозиционер саясатчы Геннадий Чорба социалдык түйүндөр аркылуу билдиргенине караганда, Орусияга кошулуу сунушу ачык айтылары, орус президенти Владимир Путин алардын «өтүнүчүн» кабыл алганын 29-февралда парламентке жылдык кайрылуусунда жарыялай турганы болжолдонууда.

Украина, Румыния жана Кара деңиз ортосунда орун алган Молдова көп учурда Москва менен Батыштын таасир талашынын чордонунда болуп келген. Кырдаал Москва Украинага басып киргенден кийин ого бетер курчуду. Анын үстүнө Принденстровьеде орустардын бир миңден ашуун аскердик контингенти жайгашкан.

Молдова Еврошаркетке кошулуу арызын 2022-жылдын мартында тапшырып, ошол эле жылдын июнунда талапкер макамын алган. Украина Приднестровье менен чек арасын жаап койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG