Улуу Британияда Болгариянын дагы бир жараны Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган топтун мүчөсү деген шек менен кармалганын британ прокуратурасы билдирди. Буга чейин Болгариянын беш жаранына Улуу Британиянын аймагында иштеген орусиялык тыңчылар тобунун мүчөсү деген айып тагылган.
38 жаштагы Тихомир Иванов Иванчевди Лондон полициясынын террорчулукка каршы бөлүмү 7-февралда кармаганы, анын маселеси Вестминстер магистрат сотунда бүгүн 28-февралда каралары маалымдалды.
Ал эми иштин өзү боюнча сот жараяны Лондондун Борбордук кылмыш сотунда октябрь айында карала баштайт. Кармалган жарандар 2020-жылдын августунан тартып 2023-жылдын февралына чейинки аралыкта маалымат жана документ чогултуп, Москвага берип турган, алар Улуу Британиянын коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына залака тийгизиши ыктымал болчу деп айыпталууда. (RK)
Дагы караңыз
Кыргызстандын аймактарындагы жылуулук ишканаларында 30 отказан жаңыланатКемпир-Абад иши боюнча соттук отурум 6-мартка жылдырылдыДепутаттар жергиликтүү бийликтен радиация тууралуу маалымат берүү укугу алынганын сындаштыНавальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 1-мартка белгиленди