Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум 6-мартка жылдырылды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен Бектур Асанов үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен Бектур Асанов үй камагына чыккан.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков ооруп калганына байланыштуу 28-февралда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум болгон жок. Ушундан улам кийинки соттук жараян 6-мартта өтөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG