Кара-Суу менен Баткенде кайра шайлоо өткөрүү күнү тактала элек

Иллюстрация

Кара-Суу жана Баткендеги бир мандаттуу округдарда кайрадан парламенттик шайлоо өтөт. Бирок датасы азырынча белгилене элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. Мыйзамга ылайык, президент шайлоону дайындагандан кийин эки ай аралыгында өтүшү керек.

Аталган округдарда Жогорку Кеңештеги мандатын тапшырган Нурлан Ражабалиев менен Искендер Матраимовдун ордуна эл өкүлү шайланат.

Январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган. Андан бери Матраимов менен байланышы бар депутаттар мандатынан ажыратылды.

Мурдараак өздөрүн Искендер Матраимовдун шайлоочулары экенин айткан жарандар интернет аркылуу видео кайрылуу жолдоп, анын мандатына байланыштуу маселени эл чечиши керек деген оюн айтышкан. (SE)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 300дөй адвокаттын лицензиясын алуу маселеси каралууда"Полиция жоолугумду жулуп сотко жеткирди"Баткенге бөлүнгөн акча иштетилбей кайтарылган 1 млн сомдук баңгизатты сатууга аракет кылган жаран кармалды