Сууктан электр тармагына күч келип жарык өчүүдө

Иллюстрациялык сүрөт

Сууктун уланышы менен өлкөдө электр энергиясын пайдалануу көбөйүп, электр тармактарына күч келип жер-жерлерде жарык өчүп жатканын Улуттук электр станциялары ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, электр энергиясын ашыкча пайдалануудан тармактагы авариянын алдын алуучу коргоо системасы иштеп, жарык өчүп калууда. Энергетиктер жарык берүүнү жандандыргыча 1-1,5 саат убакыт керек болот.

Мекеме жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланып, бир мезгилде бир нече приборлорду сайбоону, өзгөчө эртең мененки саат 6.00 -10.00 жана кечки саат 18.00 - 21.00 аралыгында буга кылдат мамиле кылууга чакырууда.

"Суук күндөрү энергетикалык мекемелердин жетекчилери кезек менен нөөмөткө чыгып, обьекттерде түнкү нөөмөт уюштурулду. Оңдоочу бригадалар автоунаа, тиешелүү тетиктер жана жабдуулар менен толук камсыздалган", - деп жазылган маалыматта.

Февралдын аягындагы сууктун күч алышы менен өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчүп жатканына нааразылыктар күч алууда.

Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет. Быйыл ага кошумча Орусиядан да 870 млн кВттан ашуун электр кубатын импорттоду. Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиянын айрым бөлүгү өз ара алмашуу аркылуу соодаланат.(ZKo)

Дагы караңыз

Меккеге кирүү эрежесин бузган зыяратчылар үчүн жаза катаалдадыШинжаң-Уйгур автоном районунда үч өлкөнүн темир жол долбоору талкууланатУкраинадагы согуш Борбор Азияда сооданы жана саясий өнөктөштүктү сынады "1000 доллар алдаткан". Телефон шылуундары президенттин да үнүн жасашат