Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:08

Шинжаң-Уйгур автоном районунда үч өлкөнүн темир жол долбоору талкууланат


Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу. Иллюстрациялык сүрөт.
Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу. Иллюстрациялык сүрөт.

29-февралда Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору талкууланат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 27-февралда “Агродиалог - 2024” форумунда айтып, жолугушууга Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов да барарын билдирди.

“Буюрса 29-февралда Өзбекстандын премьер-министри, мен Шинжаң-Уйгур автоном районуна барабыз. Ал жерде темир жолду сүйлөшүп келебиз”, - деди ал.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 2022-жылдын сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 15-декабрында Бишкекте өткөн Элдик курултайда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталарын, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүткөнүн билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG