Украина Орусиянын дагы бир бомбалоочу Су-34 истребителин атып түшүргөнүн бүгүн 27-февралда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди.
Ал Телеграм-каналына «Чыгыш багытында дагы бир Су-34 минус болду», — деп жазды.
Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтындагы маалыматта айтылгандай, Су-34 — фронтто колдонулуучу жогорку тактыктагы бомбалоочу учак.
Су-34төн дароо экөөнү атып түшүрүшкөнүн украин аскерлери 17-февралда да билдиришкен, ага чейин дагы бири талкаланганы маалымдалган.
Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын 24-февралынан бери күрөшүп келе жатат. Орусия муну согуш эмес, “атайын аскердик операция” деп атоодо. (RK)
Дагы караңыз
"Кремль Навальныйды киллерге алмашмак" Ысык-Көлдө кар көчкү басып каза болгон туристтердин тек-жайы такталдыКуранды өрттөгөн Волгограддын тургуну Чеченстанда 3,5 жылга кесилдиОрусияда мигранттарга каршы рейддер кайра күчөдү