Жогорку технологиялар паркынын кирешеси бир жылда эки эсе өстү

Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү 2023-жылы 7 млрд 757 млн сомдон ашык киреше менен чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган парктын негиздөөчүсү жана учурдагы директору Азис Абакиров билдирди.

Абакиров тиешелүү көрсөткүчтөрдү Фейсбуктагы баракчасына да жазды.

2022-жылы парктын резиденттеринин кирешеси болгону 4 млрд 210 миллион сомдон ашкан. Бул Жогорку технологиялар паркынын кирешеси бир жылда дээрлик эки эсе көбөйдү дегенди түшүндүрөт.

Аталган паркта резиденттердин саны да 228ден 383кө чейин өскөн. Мурдагы жылы андагы жумуш орундарынын саны 1877 болсо, былтыр 2417ге жеткен.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы түзүү демилгеси көп жыл мурда сунушталып, тиешелүү мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Натыйжада ал өз алдынча түзүм катары 2013-жылдан иштеп баштаган. Ал Кыргызстандын IT компанияларын көмүскөдөн чыгаруу максатында уюшулган. Парктын мүчөлөрүнө жеңилдетилген салык режими каралган.

Жогорку технологиялар паркы алгач негизделген 2013-жылы анын мүчөлөрүнүн кирешеси болгону 14 миллион сомду түзгөн. Резиденттердин кирешеси 2017-жылы 500 миллион сомдон ашып, 2020-жылы гана 1 млрд сомдон жогорулаган. (ErN)

Дагы караңыз

Сот аткаруучулардын ыйгарым укуктары кеңейтилдиУкраинада Орусиянын чабуулдарынан эки адамдын өмүрү кыйылдыКремль Женевада Украина боюнча сүйлөшүү өткөрүү сунушун четке кактыОоганстанда шал оорусуна каршы эмдөө өнөктүгү башталдыЫсык-Көлдө Чехиянын 23 жаранын кар көчкү басып калып, төртөө каза болду Ысык-Көлдө 6-класстын окуучусу жанын кыйганы кабарлануудаПарламент комитети ЖМК долбоорун үчүнчү жолу караган жокБылтыр Кыргызстанда жол кырсыгынан 783 адам каза болдуМаданият министрлиги 2023-жылы медиаларга сегиз эскертүү берип, экөөнүн сайтын бөгөттөдү