Парламент комитети ЖМК долбоорун үчүнчү жолу караган жок

Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 26-февралдагы жыйынында Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү жолу караган жок.

Бул тууралуу “Азаттыкка” комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов билдирип, буга тиешелүү министрлердин жыйынга келбегени негиз болгонун айтты.

“Буга чейинки отурумда бул маанилүү мыйзам долбоору болгондуктан саясий жоопкерчиликти алып маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен юстиция министри өздөрү келсин деген чечим кабыл алганбыз. Бүгүн алар келет-келет деп жатып дагы келбей калышты. Ошондуктан буга чейинки чечимдин негизинде мыйзам долбоорун караган жокпуз”, - деди ал.

Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 19-февралдагы, ага чейин 22-январдагы жыйынында да ушундай эле себеп менен документти күн тартибинен алып салган.

Мыйзам долбоору 13-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинен колдоо тапкан эмес.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтөт жана аны Юстиция министрлиги жүргүзөт. Каттоо үчүн үч документ талап кылынат. Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек болот.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

Дагы караңыз

Токтогул суу сактагычында 8 млрд метр куб суу барИзраил армиясы Рафах боюнча планын сунуш кылдыКыргызстан ипотекалык батир куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар алатУкраинада Орусиянын чабуулдарынан эки адамдын өмүрү кыйылдыЖазуучу Олжобай Шакирдин ишин башка судья карамай болдуАба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаап, күн суук болотЖол коопсуздугу боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары үй камагына чыкты