Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаап, күн суук болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 27-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3,

Талас жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…5,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы -5…-7°, күндүз 1…3° болот.

XS
SM
MD
LG