Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

Израил армиясы Рафах боюнча планын сунуш кылды


Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) өлкөнүн аскердик кабинетине Газа секторунун түштүгүндө жайгашкан Рафах шаарында жердеги аскердик операциясын баштоо планын жана согуш аймагынан жай тургундарды эвакуациялоо планын сунуш кылды. Бул тууралуу бүгүн 26-февралда премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси билдирди.

Нетаньяху Рафах шаарын ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) "акыркы таянычы" деп атаган.

Газа секторундагы былтыр октябрда ХАМАС Израилге кол салгандан кийин башталган согушту токтотуу сүйлөшүүлөрү АКШнын жана аймактагы бир катар араб өлкөлөрүнүн ортомчулугу менен жүргүзүлүп жатат, алардан азырынча майнап чыга элек.

Газанын Египет менен чектеш тилкесинде жайгашкан Рафах шаарына Израилдин аскердик операциясы жүргүзүлгөн башка аймактарынан миллиондон ашуун жай тургун качып барган. Азыр алар качкындар лагерлеринде убактылуу баш калкалап турушат. Эл аралык уюмдар бул шаарда азык-түлүк, дары-дармек жетишпей, гуманитардык кырдаал курчуп турганын эскертүүдө.

Израилдин башкы союздашы АКШ баштаган айрым өлкөлөр Рафахта аскердик операция жүргүзбөөгө үндөшкөн жана эгер жай тургундардын коопсуздугун камсыздоочу план болбосо, кесепети катастрофалык болорун эскертишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG