Бишкекте жоголгон үч бир тууган балдар изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан бир туугандар. Бишкек. 26-февраль, 2024-жыл. (Сүрөт ИИМге таандык)

Бишкектин милициясы 24-февралда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатышкан үч бир тууган: 15 жаштагы Раяна Марукова менен 11 жаштагы эгиздер Исабек жана Мусабек Маруковду издөө иши уланып жатканын кабарлады.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлагандай, 24-февраль күнү балдардын атасы Б. А. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылып, үч тестиер балдары дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арызга ылайык, балдар Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн 24-февралда чыгып кеткен бойдон кайрылып келишкен эмес.

Балдардын жакындары жана милиция дайынсыз болуп жаткан балдарды көргөндөр болсо, 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүсүн өтүнүүдө.(ZKo)

Дагы караңыз

Замирбек Базарбеков “кызматтан кетет” деген маалыматты четке кактыБир аптада 400дөн ашуун мас айдоочу кармалдыКандуу тизме. Кремль менен тирешип, өмүрү кыйылгандарКазакстанда журналист Январь окуясы тууралуу даректүү тасма тарттыАКШнын түзөтүү борборунда тажикстандыктар ачкачылык жарыялашты