Байден Навальныйдын жесирин жана кызын кабыл алды

АКШ президенти Жо Байден Орусияда түрмөдө каза болгон оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын кызы Дарья жана жесири Юлия Навальная менен жолукту. 22-февраль, 2024-жыл.

АКШ президенти Жо Байден 22-февралда түрмөдө каза болгон оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия жана кызы Дарья менен жолукту. Бул тууралуу Ак үй билдирди.

“Навальныйдын эрктүүлүгү Юлияга, Дашага жана демократия менен адам укуктары үчүн күрөшкөн Орусиядагы көп адамдарга мурас болуп кала берет”, - деп жазды X социалдык түйүнө АКШ президенти. Байден Навальныйдын өлүмүнө, Орусиядагы куугунтукка жана Украинадагы согушка байланыштуу анын администрациясы Кремлге каршы санкцияларды жарыяларын кошумчалады.

“Эртең биз анын өлүмүнө жоопкер Путинге каршы санкцияларды жарыялайбыз”, - деди Байден.

АКШ Украинада согуш башталгандан кийин Путинге каршы санкция салып, активдерин камакка алган.

23-февралда Евробиримдик Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш жарыялагандан берки Москвага каршы санкциялардын 13-айлампасын кабыл алды.

“Кара тизмеге” 106 киши жана 88 компания кирди. Алардын арасында Кытайдын, Индиянын, Казакстандын, Сербиянын, Түркиянын, Таиланддын жана Шри-Ланканын ишканалары бар.

Дагы караңыз

90 миң киши Навальныйдын сөөгүн үй-бүлөсүнө өткөрүп берүүнү талап кылдыЕвробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 13-айлампасын кабыл алдыПрезидент Жапаров Кызыл-Омполдогу кен боюнча түшүндүрмө берди