Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

90 миң киши Навальныйдын сөөгүн үй-бүлөсүнө өткөрүп берүүнү талап кылды


Орусиянын Варшавадагы элчилигин алдында Алексей Навальныйдын өлүмүнө нааразылык билдирип чыккандардын акциясы. 16-февраль, 2024-жыл. Польша.
Орусиянын Варшавадагы элчилигин алдында Алексей Навальныйдын өлүмүнө нааразылык билдирип чыккандардын акциясы. 16-февраль, 2024-жыл. Польша.

Орусиянын Тергөө комитетине түрмөдө каза болгон оппозиция лидери Алексей Навальныйдын сөөгүн үй-бүлөсүнө өткөрүп берүүнү талап кылып, кайрылгандардын саны 23-февралдын таңында 90 миңге жетти.

Бул тууралуу “ОВД-Инфо” уюму билдирди. Кайрылуулар укук коргоочулардын “Дятел” серивиси аркылуу жөнөтүлүүдө.

Андан тышкары бир катар таанымал адамдар дагы орус бийлигине ушундай эле өңүттөгү видеокайрылууларды жолдошту. Алардын арасында Нобел сыйлыгынын лауреаты Дмитрий Муратов, жазуучу Михаил Зыгарь, “Машина времени” тобунун жетекчиси, музыкант Андрей Макаревич, ырчы Монеточка жана башкалар бар.

22-февралда Навальныйдын апасы Людмила ага уулунун сөөгүн көрсөтүшкөнүн, бирок бербей жатышканын айткан видеобилдирүү жарыялаган.

Буга чейин Тергөө комитети Навальныйдын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн анын сөөгү экспертизага жөнөтүлгөнүн, жыйынтыгы эки аптадан кийин чыгарын билдирген.

Саясатчынын жесири Юлия Навальная күйөсүнүн өлүмүн орус президенти Владимир Путинден көрүүдө. Бир катар Батыш лидерлери дагы Навальныйдын өлүмү үчүн Путин жоопкер экенин белгилешти.

47 жаштагы Алексей Навальный 16-февралда Ямало-Ненец автоном аймагындагы түрмөдө каза болгону кабарланган. 20-февралда Людмила Навальная Путинге жасаган видеокайрылуусунда уулунун сөөгүн кайтарып берүүнү талап кылган. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков сөөктү өткөрүп берүү маселеси расмий Москванын “иши эмес экенин” айткан.

“Медуза” басылмасы жазгандай, мыйзамга ылайык, Навальныйдын өлүмүнүн себеби аныкталгандан кийин анын сөөгү эки сутка ичинде жакындарына өткөрүлүп берилиши керек.

XS
SM
MD
LG