Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агентигине Тоң районундагы Кызыл-Омпол кени жөнүндө маек берди.
Анда Жапаров Кызыл-Омполду “саясий айдыңда популисттик кылгандар "уран кени" деп атап алганын” белгилеп, кендин 95% титаномагнетит түзөрүн билдирди. Президенттин маалыматында аталган кенде титаномагнетит - 95 %, фосфор - 3 %, цирконий - 2 %, торий- 0,22 %, уран - 0,17 % түзөт.
Садыр Жапаров Кызыл-Омполдон казылган кен Кара-Балтадагы заводдо иштетилерин, каражат казынага түшөрүн белгилеген. Ал эми казылган уран "байытылбаганы үчүн коркунучу жок” экенин айтты.
Президент кен казылып алынган жерде Кажы-Сай, Миң-Куш сыяктуу уу калдыктарды сактоочу жай болбой турганын, жер дароо рекультивацияланып, айдоо катары иштетилерин билдирди.
“Анткени кен ал жерде иштетилбейт. Таза жер калат. Андан кийин ал жерлерди айыл чарба багытындагы иштерге колдонгонго мүмкүн. Арпа-буудай, өрүк-алма жана башка жер-жемиш өсүмдүктөрүн отургузса болот. Булактан чыккан сууларды ичүүчү суу катары колдонсок болот. Себеби, уран жана башка элементтердин баары ташылып чыгып кетет да ал жер тазаланып калат. Кум-шагылдан башка эч нерсе калбайт. Ошондуктан урандын дасыккан адисиндей болуп, жөн эле популисттик кылып кыйкыра бериштин кереги жок”, - деди президент.
Жапаров кен боюнча маалымат ачык бериле турганына токтолуп, Кызыл-Омполду “экинчи Кумтөр" деп атады. “Ал жерде 10 чакты кен бар, бир эле кенден 2 миллиард доллардан ашык таза киреше алабыз”, - деп, мамлекеттин аларды иштетүүгө күчү жетерин кайталады.
Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.
2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.
Мындан улам ошол кездеги өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (TSh)