Украинада орус армиясынын чабуулунан үч киши набыт болду

Орус армиясынын Украинанын Одесса облусуна жасаган соккусунун кесепети. Дрон тийген ишканада тутанган тилсиз жоо менен күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчү. 23-февраль, 2024-жыл.

23-февралга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймагына “Шахед” дрондору, C-300 ракеталары жана Х-22 канаттуу ракеталары менен чабуул койгону маалым болду. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөр командачылыгы билдирди.

Маалыматка караганда, ракеталар жана дрондор Донецк облусунун орус күчтөрү көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн, аннексияланган Крымдан, Орусиянын Краснодар аймагынан учурулган. Одесса, Николаев, Полтава, Днепропетровск жана Харьков облустарында 23 дрон абадан атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Одессада дрондордун бири өндүрүш ишканасына тийип, үч кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу облус жетекчиси Олег Кипер билдирди.

Днепрда учкучсуз аппарат көп кабаттуу үйгө тийип, сегиз киши жараат алды. Бул тууралуу Днепропетровск облусунун губернатору Сергей Лысак маалымдады.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24- февралда эки жыл болот. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет. Кремль көптөгөн далилдерге карабастан жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

Дагы караңыз

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды "Проект": Орусияда алты жылда репрессия болгондор Хрущев менен Брежневдин доорунан ашып түштүУКМК камаган министрдин орун басары иштен алынды