Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

"Проект": Орусияда алты жылда репрессия болгондор Хрущев менен Брежневдин доорунан ашып түштү


Москва. 21-апрель, 2021-жыл
Москва. 21-апрель, 2021-жыл

Орусияда Владимир Путиндин соңку президенттик мөөнөтүндө саясий беренелер менен соттолгон адамдардын саны Никита Хрущев менен Леонид Брежневдин тушундагы мезгилден ашып кетти.

Мындай статистиканы “Проект” басылмасы чыгарды. Маалыматка караганда, тикелей репрессияларга акыркы алты жылда 116 миндей киши дуушар болду. Бул сандарга COVID-19 пандемиясында киргизилген чектөөлөр учурунда полиция кызматкерлерине каршылык көргөзүп кармалгандар камтылган жок.

Басылма саясий жана репрессивдүү деп сыпаттаган беренелер менен кылмыш же административдик жоопко тартылгандарды гана санап чыккан. Алсак, экстремизм, терроризмди актоо, армия тууралуу жалган маалымат таратуу жоболору менен 2018-жылдан быйылкы февралга чейин 5613 кишинин үстүнөн иш козголду.

“Проект” буларга “согушка катышуудан баш тарткандарды, мамлекеттик чыккынчылык, тыңчылык үчүн айыпталгандарды жана башкаларды кошкондо 11 442 деген сан чыгарын" жазды.

Мындан тышкары 100 миндей киши уруксат берилбеген митингдерге катышуу үчүн административдик жазага тартылган.

Журналисттер СССРди 1950-1980-жылдары башкарган Хрущёв жана Брежневдин тушунда антисоветтик үгүт, өлкөнүн аброюна шек келтирген маалымат таратуу үчүн мындан аз киши соттолгонун белгилешет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG