Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:21

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды


Батмакан Жолболдуева.
Батмакан Жолболдуева.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) “опузалап талап кылуу” беренесине шек санап кармаган блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды.

Бул маалыматты блогер “Азаттыкка” өзү ырастады.

Жолболдуеванын бөгөт чарасы 22-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралган.

9-февралда атайын кызмат маалымат таратып, блогер Батмакан Жолболдуева интернетке жарыяланган материалды өчүрүү үчүн Жалал-Абаддагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом талап кылганы үчүн камалганын билдирген. УКМКнын кызматкерлери аны 6-февралда 25 миң сом алып жатканда кармаганын кабарлаган.

Атайын кызмат “буга чейин Батмакан Жолболдуева интернетке терс материал жарыялап, анын айынан Аkipress маалымат агенттигинин Баткен облусундагы журналисти каза болгон" деп маалымат берген.

Баткен облусунда иштеген журналист Арзыгүл Галымбетова 2022-жылдын 25-мартында өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын маалымдаган. Маркумдун жакындары блогерге доосу жок экенин билдирип, журналисттин өлүмүнө башка кишилерден шек санап жатканын билдиришкен.

Бул окуяга байланыштуу Батмакан Жолболдуева 2022-жылы 28-мартта камалып, ошол эле жылдын 19-августунда үй камагына чыккан. Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

2023-жылдын май айында Баткен облустук соту Батмакан Жолболдуеваны журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз деп таап, актаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG