Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, 20-февралда Түп районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
Ал 2008-жылы туулган уулун мектеп директору кабинетине киргизип, кол көтөрүп, сөгүп, денесине жараат келтиргенин айткан. Арыз ээси буга байланыштуу чара көрүүнү өтүнгөн.
“Арыз каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуучу мектеп директорунун сабагына кечигип кирген жана сырткы кийимин чечпей телефон кармап отуруп алган. Буга ачууланып, окуучуну чаап ийгенин мектеп директору өзү айтууда”, - деп жазылган маалыматта.
Экспертизалардын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилери да айтылды.
Кыргызстанда буга чейин да мугалим окуучуга кол көтөргөн окуялар катталган.
Январь айында “Сапат” билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейинде окуучуну сабаган деп шек саналып жаткан мугалим жумуштан алынып, милиция жүргүзгөн териштирүү учурунда мугалим дагы жети баланы токмоктогону аныкталган.(KS)
Дагы караңыз
“Массалык башаламандыкка” шек саналган жаран Орусиядан алып келинди Кыргызстанда 41 миң ата-эне баласына алимент төлөбөйт23-февралдын аба ырайы тууралуу маалыматУКМК мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалганын билдирди