Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Кыргызстанда 41 миң ата-эне баласына алимент төлөбөйт


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

2023-жылы Кыргызстанда балдарына чегерилген алиментти атасы же энеси төлөбөй жатканын айтып, сотко кайрылгандардын саны 41 миңден ашкан. Бул тууралуу Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы мындай ата-энелердин саны 39 655 адамды түзгөн. Ал эми 2023-жылы алимент ала албай, арыз жазгандардын жалпы саны 41 482 киши болгон. Алардын ичинен 3013 киши сотко жазган арызын кайра артка кайтарып алган.

"2022-2023-жылдары жалпысынан 53 548 арыз каттоого алынган. Алардын ичинен 814 арыз аткарылды, финансы мекемелерине 2 142 арыз жиберилди, аймактардагы сот аткаруучулар кызматтык бөлүмдөрүнө 3 013 арыз жөнөтүлгөн. Дагы 3 миңден ашык арыз ээси арызын кайтарып алып, доосу жок экенин билдирген", - деп жазылган Сот департаментинин маалыматында.

Төлөнбөгөн карыздардын жалпы суммасы 10 миллиард сомдон ашары да кошумчаланды.

Юстиция министрлигинин алимент төлөбөгөн жарандарга карата жазаны күчөтүп, үч жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоору январдын этегинде Жогорке Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда алимент бир жылдан ашык убакыттан бери төлөнбөй калса, алгач 20-50 миң сомго чейин айып салууга же 40-100 саатка чейин коомдук иштерге, эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат. Бул кылмыш кайталана турган болсо, бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу, 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салуу же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сунушталууда.

Айрым депутаттар бул долбоордогу чараларды “аша чапкандык” деп баалап, алимент төлөбөгөнү үчүн жарандарды абакка кесүү кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн деген оюн билдирген.

Сот департаментинин 2023-жылы апрелдеги маалыматына ылайык, Кыргызстанда ар кандай айып пул, алимент жана башка карыздарын төлөбөгөн 71 миң жарандын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынган. 2022-жылдын жыйынтыгында төлөнбөгөн карыздар 22 миллиард сомдон ашкан. (KS)

XS
SM
MD
LG