Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

23-февралдын аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 23-февралда Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1,

Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -8…-13.

Бишкекте абанын түнкү температурасы -5…-7°, күндүз 0…-2° болот.

XS
SM
MD
LG