Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 23-февралда Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1,
Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -8…-13.
Бишкекте абанын түнкү температурасы -5…-7°, күндүз 0…-2° болот.
Дагы караңыз
УКМК мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалганын билдирдиБишкекте окуучу кызды сүзүп кеткен деп шек саналган айдоочу кармалдыИИМ акча ташыган адамды өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирдиБишкекте мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталды Чолпон Жакупова: "Чет элдик өкүл" мыйзамы Баш мыйзамга каршы келетАбыкеев Кызыл-Омполду иштетүү демилгесине комментарий бердиБишкек шаардык соту Адахан Мадумаровду абакта калтырдыИйгиликтүү иш баштоого үйрөткөн бестселлер кыргыз тилинде чыкты