Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:55

Бишкекте окуучу кызды сүзүп кеткен деп шек саналган айдоочу кармалды


Кармалган айдоочу. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.
Кармалган айдоочу. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 22-февралда Бишкекте оор жүк ташыган автоунаа менен окуучу кызды сүзүп кеткен деп шек саналган айдоочу кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 27 жаштагы айдоочу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп берилип, машинасы айып короого токтотулду.

Социалдык тармактарга тараган видеодон окуучу кызды айдоочу оор жүк ташыган автоунаа менен сүзүп, тебелеп кеткенин көрүүгө болот. Окуя “Аламүдүн 1” кичи районундагы Ауэзов көчөсүндө болгон.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 4800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам көз жумган. 2022-жылы 7040 жол кырсыгында 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG