Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:41

Бишкекте мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Бишкек шаарында мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган жай аныкталып, 48 киши кармалып, суракка алынды. Кармалгандар уюштуруучулар жана кумар ойногондор экени кабарланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдиргендей, тергөөнүн жыйынтыгында кумар оюндарын уюштурган топтун бир кишиси шектүү катары атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

Атайын кызмат тараткан маалыматта бир топ адамдар Telegram тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз кумар оюндарды уюштуруп, ар кандай мамлекеттик мекемелерден имараттарды (кафе, оюн-зоок борборлору ж.б.) ижарага алышкан.

УКМК мыйзамсыз кумаркана уюштургандар Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесине (“Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу”) ылайык үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет.

Учурда Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино мыйзамдуу иштеп жатат. Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG