Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 22-февралда Бишкекте оор жүк ташыган автоунаа менен окуучу кызды сүзүп кеткен деп шек саналган айдоочу кармалганын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 27 жаштагы айдоочу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп берилип, машинасы айып короого токтотулду.
Социалдык тармактарга тараган видеодон окуучу кызды айдоочу оор жүк ташыган автоунаа менен сүзүп, тебелеп кеткенин көрүүгө болот. Окуя “Аламүдүн 1” кичи районундагы Ауэзов көчөсүндө болгон.
Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 4800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам көз жумган. 2022-жылы 7040 жол кырсыгында 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (BTo)
Дагы караңыз
ИИМ акча ташыган адамды өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирдиБишкекте мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталды Чолпон Жакупова: "Чет элдик өкүл" мыйзамы Баш мыйзамга каршы келетАбыкеев Кызыл-Омполду иштетүү демилгесине комментарий бердиБишкек шаардык соту Адахан Мадумаровду абакта калтырдыИйгиликтүү иш баштоого үйрөткөн бестселлер кыргыз тилинде чыктыМинистр Ак-Сууда кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазылык билдирди Министрдин орун басары мамлекеттик сатып алуулар боюнча кармалды