Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Министрдин орун басары мамлекеттик сатып алуулар боюнча кармалды


Шектүүнүн УКМК тараткан сүрөтү.
Шектүүнүн УКМК тараткан сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев кармалганын билдирди.

“Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Учурда министрдин орун басарына карата “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Шектүү атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

Учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жетекчилеринин бири кармалганы боюнча комментарий бере элек. Шектүү Чаначевдин жакындары же адвокатына байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Улан Чаначев министрликтеги санариптештирүү, эл аралык кызматташуу, укуктук камсыздоо маселелерин көзөмөлдөчү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG