Иран жыл башынан бери Орусияга 400дөй баллистикалык ракета жеткирди. Бул тууралуу Reuters агенттигине Ирандын аскерий чөйрөсүндөгү алты булак ырастады. Алардын айтымында, мындан ары да жеткирүү пландалууда.
Орусияга жеткирилген курал Fateh-110 үлгүсүндөгү ракеталар болушу мүмкүн. Алар 300дөн 700 чакырымга чейинки аралыктагы буталарды таамай атууга атууга жөндөмдүү.
Агенттиктин булактарынын айтымында, Орусияга ракеталарды жеткирүү январда башталган. Андан мурдараак Орусия менен Ирандын аскерий жана коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү Москва менен Тегеранда жоугушууларды өткөргөн. Айрым ракеталар Ирандан Орусияга Каспий деңизи аркылуу кеме менен, башкалары учак менен жеткирилүүдө.
Иран менен Орусиянын аскердик ведомстволору Reuters агенттиги жөнөткөн сурооорго жооп беришкен эмес.
Иран менен Орусия Украинада согуш башталгандан кийин аскердик кызматташтыкты кеңейтүүдө. Январдын ортосунда Орусиянын Коргоо министрлиги Тегеран менен аскердик-техникалык кызматташтык жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча “мамлекеттер аралык ири келишимге” кол коюуга даяр экенин жарыялаган.
Былтыр декабрда Орусия менен Ирандын тышкы иштер министрлери санкциялардын терс кесепеттерин компенсациялоо тууралуу декларацияга кол коюшкан.
Иран да, Орусия да бир нече эл аралык санкцияларга кабылган. Иранга көптөгөн чектөөлөр 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин киргизилген.
Орусияга 2014-жылы Крымды аннексиялагандан соң санкциялар салынып, 2022-жылы февралда Украинага толук масштабдуу аскерий чабуул баштагандан кийин чектөө күчөтүлгөн.
Дагы караңыз
Ош милициясынын мушташкан жетекчилери кызматтан алынды Столтенберг: Навальныйга таазим этүүнүн эң жакшы жолу - Украинага жардам берүүИзраил Газанын Рафах шаарын бомбалоону күчөткөнү кабарланууда