Кыргыз эл артисти Александра Марусич оорудан улам 72 жашында көз жумду.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги шейшембиде кабарлагандай, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 22-февралда Бишкекте - Чыңгыз Айматов атындагы орус драма театрында өтөт.
Александра Марусич 46 жылдан ашуун орус драма театрында эмгектенди. Анын репертуарында 50дөн көп ар түрдүү ролдор бар.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын алган.
"Азаттык" радиосунун жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат. (SE)
Дагы караңыз
Навальныйдын энеси баласынын сөөгүн берүүнү талап кылып Путинге кайрылдыКоргоо министрлиги жоокер Сүйүндүковдун иши боюнча комментарий бердиОштогу кыш Жеке менчик медициналык мекемелер текшерилет