Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:23

Навальныйдын энеси баласынын сөөгүн берүүнү талап кылып Путинге кайрылды


Алексей Навалныйдын энеси Людмила
Алексей Навалныйдын энеси Людмила

Орусиялык оппозиционер, бир нече күн мурун абакта каза болгон Алексей Навальныйдын энеси Людмила президент Владимир Путинге кайрылуу жаздырды. Навальный LIVE ютуб-каналы чыгарган видеодо ал баласынын сөөгүн берүүнү талап кылды:

“Беш күндөн бери аны көрө албай, сөөгүн бербей жатышат. Жадакалса кайда экенин айтышкан жок. Владимир Путин, мен сизге кайрылып, маселени чечүү сиздин колуңузда экенин айтам. Алексейди адамча көмүү үчүн сөөгүн кечиктирбестен берүүнү талап кылам”.

Алдынкы күнү саясатчынын энесин Салехард шаарынын моргуна киргизбей коюшканы маалымдалган. Болжолу менен маркумдун сөөгү ошол жерде. Людмила Навальнаяны коштоп жүргөн адвокаттардын бирин ал жактан түртүп чыгарышканын "Север.Реалии" сайты кабарлады.

Оппозиционердин энеси Путиндин атына арыз жазды.

Навальный негиздеген Коррупция менен күрөшүү фондунун директору Иван Ждановдун айтымында, Салехард шаарынын сотуна тергөө комитети сөөктү бербей жатышына байланыштуу арыз тапшырылды.

Жаза аткаруу федералдык кызматынын версиясында өзгөчө тартиптеги колонияда отурган оппозиционер 16-февралда сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, эс-учун жоготкон. Ага чейин Навальный 27-жолу катаал шарттагы жазалоочу камерага отургузулган.

Саясатчынын тарапташары жана жакындары аны өлтүрүшкөн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG