Путин Жаза аткаруу кызматынын директорунун орун басарына генерал-полковник чинин ыйгарды

Орусиянын президенти Владимир Путин Жаза аткаруу федералдык кызматынын директорунун орун басары Валерий Бояриневге ички кызматтын генерал-полковниги чинин ыйгарды.

Тиешелүү жарлыкка Путин оппозициялык саясатчы Алексей Навальный абакта каза болгондон үч күн өткөндөн кийин, 19-февралда кол койду.

Маркумдун санаалашы Иван Жданов муну "кыйноолор үчүн Путин тарабынан берилген сыйлык" деп сыпаттады.

"Бояринев Навальныйдын абактагы кыйноолорун жеке өзү көзөмөлдөчү. Башка кыйноолор сыяктуу эле Алексейдин тамак-аш сатып алуусун чектөө Бояриневдин жеке буйругу болгон", - деп жазды Жданов.

Ал Боярневдин Владимир облусу боюнча Жаза аткаруу кызматына жазган катын жарыялады.

Навальный убактысынын бир топ бөлүгүн жазалоочу камерада өткөргөн, ал жерде тамак-ашты буюртма берип алдыруу мүмкүн эмес.

Бояриневден тышкары кызматтын дагы үч, башка мекемелердин ондогон кызматкерлери Путин тарабынан сыйланды.

Жаза аткаруу федералдык кызматынын версиясында өзгөчө тартиптеги колонияда отурган оппозиционер 16-февралда сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, эс-учун жоготкон. Ага чейин 27-жолу катаал шарттагы жазалоочу камерага отургузулган.

Саясатчынын тарапташары аны өлтүрүшкөн деп эсептейт. Жакындарына анын сөөгүн өткөрүп берише элек. Жесири Юлия Навалная күйөсүнүн ишин уланта турганын билдирди.

Дагы караңыз

Казакстандын бейпилдик күчтөрү Жакынкы Чыгышка аттануудаАфтандил Жоробековдун жактоочусу ишти кароодо мыйзам бузууларга жол берилгенин айттыАйыл чарба министрлиги багбандарга насыя берүүнү көздөп жатат