Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Айыл чарба министрлиги багбандарга насыя берүүнү көздөп жатат


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-2028-жылдар аралыгында багбанчылыкты өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Министрликтин сайтындагы кабарга ылайык, өкмөт багбанчылыкка 1 миллиард 900 миллион сом насыя берүүнү көздөп турат. Андан тышкары, ондон ашуун мамлекеттик көчөткана, 25 кооператив түзүү максаты бар. Ошондой эле жерди өздөштүрүү, соода-логистикалык борборлорун, кампаларды жана муздаткычтарды курууга көңүл бурулмакчы.

Расмий маалыматта бул программа экспорт жана тышкы соодадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууну көздөй турганы айтылат.

Багбандар Баткендин өрүгүн, Ысык-Көл, Ноокаттын алмасын сыртка сатууда айрым көйгөйлөр бар экени тууралуу кээде маселе көтөрүшөт.

Быйыл Кыргызстан 10 миң тонна жаңгакты Кытайга экспорттоого келишим түзгөн. Буга чейин Бээжин Бишкектен азык-түлүк, жашылча, жер жемиш жана кургатылган жемиштерди сатып алууга чек коюп келген. Кыргызстан фитосанитардык текшерүүлөрүн күчөтүп, айыл чарба азыктарынын сапатын жогорулаткан соң Бээжин товарлардын бир топ түрүн Кытайга экспорттого уруксат бере баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG