Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:13

Афтандил Жоробековдун жактоочусу ишти кароодо мыйзам бузууларга жол берилгенин айтты


Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып камалган активист Афтандил Жоробековдун ишин сотко өткөрүүдө бир мыйзам бузууга жол берилген.

Бул тууралуу анын адвокаты Жаныш Бараков “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин Бишкек шаардык милициясы активист Афтандил Жоробековдун ишин тергеп бүтүп, сотко өткөргөн.

Жаныш Бараковдун айтымында, 2-февралда Свердлов райондук сотуна түшкөн кылмыш иши ошол эле күнү Ленин райондук сотуна токтом менен жөнөтүлгөн. Адвокаттын белгилешинче, бул процедура бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгон.

“Иш Свердлов райондук сотуна 2-февралда өткөндөн кийин 5-февралда биз өтүнүч менен кайрылганбыз. Анда алдын ала угууларды өткөрүп, Жоробековдун бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүп берүүнү сурангам. Андан сырткары техникалык экспертиза алынган компьютерлерден эч нерсе таппагандыктан аларды далил зат катары карабоону өтүнгөм. Бирок Жоробеков катышкан окуя Ленин районунун аймагында болгон деген жүйө менен судья токтом чыгарып, ишти бул аймакка жөнөттү. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык, иш башка сотко жөнөтүлүп жатканда жазылган өтүнүч кошо тиркелиши керек эле. Мен өтүнүч жазуу мөөнөтүн кечиктирбей, мыйзамда көрсөтүлгөн үч күндү колдонгонума карабай арызым эске алынбай калды”, - деди Бараков.

Бараков Жоробековдун үйүн тинтүү учурунда далил зат катары алынган компьтерлерден эч нерсе табылбаганын техникалык экспертиза аныктап чыкканын билдирди.

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековдун камалганына эки айдан ашты. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Бөгөт чарасы узартылып, 13-апрелге чейин камакта калган.

Адвокат активист бир гана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен кармалып, иш козголгонун, экспертиза эреже бузуу менен өткөнүн, бул мыйзамсыз экенин билдирүүдө.

Былтыр бийлик Кыргызстандын мамлекеттик туусундагы элементтерди өзгөртүү демилгелеп, коомчулуктагы нааразылыктардын фонунда 2023-жылдын этегинде парламент аны колдогон. Тийиштүү мыйзамга президент кол койгон.(KS)

XS
SM
MD
LG