Оң рулдуу машинаны такси катары айдоого тыюу салган токтом долбоору талкууга коюлду

Kyrgyzstan-Bishkek, right hand drive, 30Sep14

Министрлер кабинети оң рулдуу автоунааларда такси кызматын көрсөтүүгө, жүк ташууга тыюу салган токтомду коомдук талкууга чыгарды. Бул кырсыктардын алдын алуу жана көзөмөлдөө максатындагы чара экени айтылат расмий түшүндүрмөдө.

2013-жылы кабыл алынган “Жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилип, 19-февралдан 18-мартка чейин коомдук талкууга чыгарылды.

Былтыр Ички иштер министрлиги (ИИМ) оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдалангандарга 3 миң сом айыппул салууну караган токтом долбоорун иштеп чыккан. Анын негиздемесинде оң рулдуу таксилерге тыюу салынганы менен, аларга жаза каралбаганы белгиленген. Ал токтом кабыл алына элек.

ИИМдин буга чейинки маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей автоунаанын ээси жүргүнчү ташыйт. Анын тең жарымы оң рулдуу унаалар. Министрлик жол кырсыктарынын 60% оң рулдуу унаалардын айынан болорун белгилеп келет.

Кыргызстанда оң рулдуу унааны коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу мыйзамын парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. Ага ылайык, документ 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Ортодо мыйзамды ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратып келген.(SE)

Дагы караңыз

Шамалдан “Ысык-Көл” аэропортунун дубалы дагы куладыЕврошаркет Орусияга каршы санкцияларды узарттыБишкекте айрым тургундар үйү жылыбаганына даттанууда